"Музейдеги түн" иш-чарасынын алкагында Кыргыз-Орус Славян университетинин (КРСУ) студенттери, "Издөө 41-45" кыймылынын мүчөлөрү Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларына арналган көргөзмө уюштурушту.
Көргөзмө Улуттук музейде көрсөтүлүп, даярдалган үч материал: эки даректүү тасма жана атайын репортаж камтылган. Материалдарды көрсөтүү үчүн атайын павильон бөлүнүп, анда келгендер тарыхый документтер жана сейрек кездешүүчү архивдик кадрлар менен тааныша алышат.
Көргөзмөгө даярдык көрүү максатында студенттер согуштун катышуучуларынын эрдиктерин чагылдырган уникалдуу материалдарды жана документтерди табуу үчүн архивдерге барышты.
Көргөзмөнү уюштурууга жана өткөрүүгө катышкан бардык студенттерге Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин атынан ыраазычылык каттары тапшырылды.