Москвадагы Россиянын Элдердин достугу университетинде (РУДН) X юбилейлик Эл аралык студенттик илимий конференция «21-кылымдагы дүйнөлүк экономика: глобалдашуу жана региондоштуруу» болуп өттү. КРСУнун студенттери докладдардын конкурсунда ийгиликтуу чыгып, жогорку даярдыкты жана мыкты билимди керсетушту:
Айдарбекова Бибимарий артыкчылык диплому менен сыйланган.
Акжолов Дамирбек 1-даражадагы диплом менен сыйланган.
Храпунова Вероника II даражадагы диплом алган.
Таланттуу студенттерибизди бул маанилүү жетишкендиги менен куттуктайбыз! Аларга шыктануу, мындан аркы илимий ачылыштарды жана бардык илимий долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырууну каалайбыз!