Коррупцияга каршы күрөштүн эл аралык күнүнө арналган иш-чарага Кыргыз-Орус Славян университетинин юридикалык факультетинин 1-курсунун студенттери катышты. Студенттердин Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине иш сапары КРСУнун юридикалык факультетинин мамлекет жана укук теориясы жана тарыхы кафедрасы тарабынан уюштурулган.
Коррупциянын алдын алуу боюнча комиссары Гүлнара Азимжанова Юстиция министрлигинин коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу жана мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүнү киргизүү жаатындагы ишмердүүлүгү тууралуу баяндама жасады. Ал мамлекеттик органдардын ишинин ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган көрүлүп жаткан чаралар жана демилгелер тууралуу кеңири айтып берди.
Коррупцияга каршы эл аралык күн 2004-жылдан бери жыл сайын 9-декабрда белгиленип келет. Ал БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан түзүлгөн (2003-жылдын 21-ноябрындагы № A/RES/58/4 резолюциясы) жана Мексиканын Мерида шаарында БУУнун Коррупцияга каршы Конвенциясынын кол коюу үчүн ачылган датага туура келет. Кыргызстан Конвенцияны 2005-жылы ратификациялаган (Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 6-августундагы № 128 Мыйзамы).