Жаркын эс

Жаркын эс

9 октябрь 2025

Бөлүшүү:

Кыргыз-Орус Славян университети Исаков Кумен Исаковичтин — экономика илимдеринин доктору, профессор, көрүнүктүү окумуштуу жана педагог, КРСУнун түптөлүшүнүн башында тургандардын бири каза болгонун терең кайгыруу менен билдирет.

Исаков Кумен Исакович 1940-жылы Чүй облусунун Кемин районундагы Борду айылында туулган. 1965-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөндөн кийин С.Орджоникидзе атындагы Москва башкаруу институтунун аспирантурасын улантып, 1973-жылы кандидаттык диссертациясын жактаган.

Кумен Исаковичтин профессионалдык ишмердиги экономика илими жана билими менен ажырагыс байланышта болгон. Мугалим, улук окутуучу, кафедра башчысы, факультеттин деканы болуп иштеген, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык-маданий чөйрө бөлүмүнүн башчысынын орун басары жана башчысы кызматтарын аркалаган.

2000-жылдан бери жана дээрлик жыйырма жыл бою Кумен Исакович Кыргыз-Орус Славян университетинде биринчи проректор болуп иштеген. Анын жетекчилиги астында окуу процессинин системасы калыптанды, университеттин материалдык-техникалык базасы чыңдалды, окутуунун жаңы багыттары жана илимий мектептер иштелип чыкты.

Профессор Исаков экономика илимин өнүктүрүүгө жана өндүрүштү башкаруу тармагында кадрларды даярдоого чоң салым кошкон. Анын 70тен ашык илимий эмгектери, анын ичинде беш жамааттык монографиясы жарык көргөн. Эң белгилүү эмгектердин арасында — эмгек өндүрүмдүүлүгү, илимий-техникалык прогресс жана Кыргызстанда эмгек рыногун калыптандыруу жаатындагы изилдөөлөр бар.

Ал жогорку маданияттуу, ак ниеттуу, ез ишине берилген адам болгон. Кесиптештери жана студенттери аны акылман насаатчы, талаптуу жетекчи жана шыктанган окумуштуу катары эстешет, ал үчүн университетке жана өлкөгө кызмат кылуу анын жашоосундагы негизги нерсе болгон.

Кумен Исакович Исаковдун элеси кесиптештеринин, студенттеринин жана анын жанында иштөө жана окуу сыймыгына ээ болгондордун баарынын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.

Артка кайтуу