КРСУда окуу жылы 15-сентябрда башталат

КРСУда окуу жылы 15-сентябрда башталат

26 август 2026

Бөлүшүү:

Урматтуу студенттер!КРСУда окуу 15-сентябрда башталат. ЖОЖдордо жана колледждерде окуу жылынын башталышын жылдыруу чечимин ШКУнун саммитине жана Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим жана инновация министрлиги кабыл алды.Эскерте кетсек, 15-сентябрга чейин сабактар, анын ичинде онлайн форматта өткөрүлбөйт.Ал эми 14-сентябрда биз биринчи курстун студенттеринин студенттик жашоосунун жаңы этабынын башталышына арналган майрамдык иш-чарада өзүнчө жолугабыз. Толук маалыматты жана программаны кийинчерээк жарыялайбыз.Ошондой эле университеттин алдыдагы майрам күндөрү иштөө убактысын эске салабыз: ⁇ ⭐31-август — Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата жумуш эмес майрам; ⁇ ⭐1-сентябрь — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык эс алуу күнү.КРСУнун расмий каналдарына көз салыңыз!
Артка кайтуу