КРСУ студенттеринин ийгилиги: КМШ өлкөлөрүнүн экологиялык олимпиадасында сыйлыктар

КРСУ студенттеринин ийгилиги: КМШ өлкөлөрүнүн экологиялык олимпиадасында сыйлыктар

3 июнь 2025

Бөлүшүү:

Кыргыз-Орус Славян университетинин (КРСУ) билим берүү иштери боюнча проректору Елена Девятова КМШ өлкөлөрүнүн ЖОЖдору үчүн XIV Эл аралык экологиялык олимпиаданын катышуучулары менен жолугушуу өткөрдү. КРСУ — командасынын курамында 1-курстун магистранты Акматов Дамир жана 3-курстун студенттери Лагунова Виктория, Аманов Нуртенир, Бобеков Бекжан жана Кулекбаев Мирбек бар. Команданын жетекчиси экология жана өзгөчө кырдаалдардан коргоо кафедрасынын башчысы, техника илимдеринин кандидаты, доцент Эрик Мамбетов болду.

Эл аралык деңгээлде өткөн абройлуу олимпиадага Орусия, Беларусь, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандан 53 команда катышты. Катышуучулар экология, айлана-чөйрөнү башкаруу жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы терең билимдерин көрсөтүп, теориялык жана практикалык турларда ат салышты.

КРСУ командасынын өзгөчө жетишкендиги студент Аманов Нуртенирдин (ЗЧС-1-22 тобу) ийгилиги менен байланыштуу, ал теориялык турда жеке таймашта 83,08 упай топтоп, III даражадагы диплом менен сыйланган.

«Мындай иш-чараларга катышуу — биздин студенттердин жогорку даярдыгынын көрсөткүчү гана эмес, ошондой эле алар үчүн эл аралык аренада өз билимдерин жана көндүмдөрүн көрсөтүүгө, тажрыйба алмашууга жана пайдалуу байланыштарды түзүүгө мүмкүнчүлүк. Биз командабыздын ийгиликтери менен сыймыктанабыз жана алар экологияны өнүктүрүүгө жана айлана-чөйрөнү коргоого олуттуу салым кошот деп ишенебиз», — деп белгиледи Елена Девятова.

КРСУнун командасы жогорку деңгээлдеги даярдыкты көрсөтүп, университеттин эл аралык аренадагы аброюн чыңдоого салым кошту. Мындай олимпиадаларга катышуу студенттерди жаңы жетишкендиктерге шыктандырып гана тим болбостон, алардын кесиптик компетенттүүлүгүн да бекемдейт.

Артка кайтуу