КРСУда курулуш отряддары активдуу енугуп, жацы коллективдерге кабыл алуу жарыяланды!

КРСУда курулуш отряддары активдуу енугуп, жацы коллективдерге кабыл алуу жарыяланды!

27 март 2025

Бөлүшүү:

Студенттер кызыктуу долбоорлордун бир бөлүгү болуп, көндүмдөрдү өнүктүрө алышат жана ар кандай тармактарда иштей алышат.

Эртең саат 16:00дөн 18:00гө чейин 210-кабинетте жолугушуу болот, ишемби күнү — 17:00дөн 19:00гө чейин 212-кабинетте болот. Ошондой эле ишемби күнү саат 14:00дө медициналык студенттер үчүн жолугушуу болот, ал Улуттук ооруканада, чоң лекция залында өтүшү мүмкүн.

Жолугушууларда курулуш отряддарынын долбоорлору баяндалат, ошондой эле отряддардын командирлери, комиссарлары жана бригадирлери тууралуу маалыматтар берилет. Студенттер командаларга бөлүнүп, атын тандап, келечектеги пландарын талкуулай алышат.

Мындан тышкары, бардык катышуучуларга студенттердин кайсынысы долбоорлорго катышууну пландап жатканын билүү үчүн Google анкетасы сунушталат. КРСУнун курулуш отряддарынын составында болуу жана кызыктуу жана пайдалуу демилгелуу долбоорлорго катышуу мумкунчулугун колдон чыгарбаңыз!

Артка кайтуу