КРСУ билим берүү программаларын иштеп чыгууну, санариптик чөйрөнү жана жаңы окуу жылына даярдыкты талкуулады

КРСУ билим берүү программаларын иштеп чыгууну, санариптик чөйрөнү жана жаңы окуу жылына даярдыкты талкуулады

11 июнь 2026

Бөлүшүү:

Ректор Сергей Волковдун жетекчилиги астында Кыргыз-Орус Славян университетинде кезектеги декандардын жыйыны өттү. Ишке университеттин проректорлору, факультеттердин декандары, бөлүм башчылары жана түзүмдүк бөлүмдөрү катышты.Негизги темалардын бири институционалдык аккредитациядан өтүүнүн жыйынтыгы жана билим берүүнүн сапатынын ички системасын өркүндөтүү боюнча мындан аркы иштер болду. Ректор белгилегендей, тышкы эксперттик көз караш кошумча көңүл бурууну талап кылган багыттарды аныктоого мүмкүндүк берди: билим берүү программаларын жаңылоо, сапатты көзөмөлдөө механизмдерин күчөтүү, илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларын окуу процессине киргизүү, ошондой эле бөлүмдөрдүн ортосундагы горизонталдык байланышты өнүктүрүү.«Билим берүү программасы расмий документ эмес. Бул биз окуу процессин курган негиз. Биз бүгүн студентке, мугалимге жана иш берүүчүгө эмне керек экенин так түшүнүшүбүз керек», — деп баса белгиледи Сергей Волков.Ошондой эле университетти санариптештирүү маселелери талкууланды. Ректор санариптик инфраструктураны өнүктүрүү бөлүмүн түзүү тууралуу маалымат берип, КРСУнун санариптик трансформациясы техникалык жабдууларды гана эмес, ички башкаруу процесстерин, аналитиканы, корпоративдик кызматтарды жана билим берүү ресурстарын да камтышы керектигин белгиледи.Кабыл алуу кампаниясына даярдык керууге езгече кецул бурулду. Абитуриенттерди коштоп жүрүү, иш кагаздарын жүргүзүү жана абитуриенттерге кеңеш берүү менен алектене турган көп функционалдуу борбордун иши талкууланды. Ошондой эле факультеттердин абитуриенттерди кабыл алууга даярдыгы жана мектеп окуучуларына жана ата-энелерге маалымат берүү маселелери талкууланды.Жыйында спорттук инфраструктураны жана студенттик спортту өнүктүрүү маселелери талкууланды. Университетте дене тарбия, спорт жана туризм бөлүмү түзүлүп, ал спорттук секциялардын, студенттик командалардын, коомдук иш-чаралардын жана келечектүү туристтик долбоорлордун ишин координациялайт.Мындан тышкары, ректор окуу корпустарында оңдоо иштерин улантуу, аудиторияны, спорт аянтчаларын жана ага жакын аймактарды жаңылоо тууралуу айтып берди. Бөлүмдөрдүн жетекчилерине жайларды инвентаризациялоо, эскирген жабдууларды эсептен чыгаруу жана имараттарды жаңы окуу жылына даярдоо тапшырылды.Талкууланган маселелердин арасында бүтүрүү иш-чараларына даярдык көрүү, КРСУнун бүтүрүүчүлөрүнүн ассоциациясын өнүктүрүү, УОК «Жаштык» базасында активдин жайкы мектептерин уюштуруу, өнөктөштөр менен иштөө, студенттердин академиялык мобилдүүлүгү жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу.Жыйындын жыйынтыгында түзүмдүк бөлүмдөргө жергиликтүү ченемдик укуктук актыларды жаңылоо, билим берүү программаларын даярдоо, санариптик кызматтарды өнүктүрүү, кабыл алуу өнөктүгүн уюштуруу жана университетти жаңы окуу жылына даярдоо боюнча тапшырмалар берилди.
Артка кайтуу