КРСУ кыргыз тилине негизделген AI технологияларын киргизүүнү талкуулады

КРСУ кыргыз тилине негизделген AI технологияларын киргизүүнү талкуулады

15 сентябрь 2026

Категория: Кызматташуу

Бөлүшүү:

КРСУда «Bidigital» ЖЧКсынын өкүлдөрү менен жолугушуу болду. Тараптар КРСУнун билим берүү жана административдик процесстерине жасалма интеллект технологияларын киргизүүнүн келечегин талкуулашты.Жыйынга AIRUN компаниясынын башкы аткаруучу директору Чыңгыз Арзиев жана AIRUN өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Айжана Осмоналиева катышты. Компаниянын өкүлдөрү AIRUN - кыргыз тилине басым жасоо менен иштелип чыккан AI чечимдеринин экосистемасын тартуулашты. Ал чоң тил моделин, кепти таануу жана синтездөө технологияларын жана машина котормосун камтыйт.Кызматташтыктын мүмкүн болгон багыттарынын бири КРСУнун санариптик жардамчысын түзүү болот. Ал абитуриенттерге жана студенттерге кабыл алуу, окутуу, график жана университеттин бөлүмдөрүнүн иши боюнча кыргыз, орус жана англис тилдеринде кеңеш бере алат деп күтүлүүдө.Жолугушуунун катышуучулары ошондой эле биргелешкен илимий-изилдөө иштеринин мүмкүнчүлүктөрүн жана университеттин санариптик инфраструктурасында AI технологияларын колдонууну талкуулашты.Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташуунун келечектүү багыттарын изилдөөнү улантууну макулдашты.
Артка кайтуу