КРСУ Кыргызстандын маданий мурастарын сактоо боюнча иштерди улантууда
21 май 2026
Бөлүшүү:
КРСУда Кытай Эл Республикасынын Дунхуан академиясынын жана Кыргыз Республикасынын эстеликтерин коргоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын өкүлдөрү менен биргеликте Кыргызстандын тарыхый жана маданий мурас объекттерин санариптик изилдөө боюнча иштер жүргүзүлүүдө.Эксперттер Кыргызстандагы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген долбоорлордун үстүндө иштеп жатышат. Алардын арасында — азыркы Токмоктун аймагында жайгашкан байыркы Суяб шаары.Долбоордун алкагында тарыхый объектилерге мониторинг жүргүзүлүүдө: эстеликтердин абалын көзөмөлдөөгө жана алардын коопсуздугун камсыздоого жардам бере турган атайын көзөмөл камералары орнотулган. Келечекте археологиялык объектилерди суу каптоодон, кургап кетүүдөн жана айлана-чөйрөнүн таасиринен сактоо үчүн коргоочу чатырларды куруу пландаштырылууда.Бүгүнкү күндө университетте Ак-Бешим (Суяб) конушунун аймагынан табылган таш плитаны (стеланы) 3D сканерлөө иштери жүрүп жатат. Артефакт 7–IX кылымдагы байыркы кытай тамгаларын сактайт. Эксперттер объектти андан ары изилдөө жана сактоо үчүн санарип форматка өткөрүшөт.Ошондой эле эл аралык маанидеги тарыхый-маданий мурас объектилеринде — Ак-Бешим (Суяб), Красная Речка (Невакет) жана Буран мунарасында (Баласагын) биргелешкен изилдөөлөр жүргүзүлүүдө. Иш заманбап технологияларды колдонуу менен эстеликтерди изилдөөгө жана сактоого багытталган.Мындан тышкары, долбоор билим берүү тармагындагы эл аралык кызматташтыкты камтыйт. Кыргызстандык изилдөөчүлөр Кыргызстандын маданий мурастарын сактоо боюнча мындан аркы иштер үчүн Кытайда да окуудан өтө алышат.