КРСУда адам укуктарын коргоо жана Акыкатчы институтунун ишмердүүлүгү боюнча конок лекция окулду

КРСУда адам укуктарын коргоо жана Акыкатчы институтунун ишмердүүлүгү боюнча конок лекция окулду

24 сентябрь 2026

Бөлүшүү:

КРСУнун Социалдык-гуманитардык институтунун Дипломатия жана укук жогорку мектебинде «Кыргыз Республикасынын Аыкатчы институту (Омбудсмен): адам укуктарын коргоо жана сот адилеттигин чыңдоодогу ролу деген темада конок лекциясы болуп өттү.

Жолугушуу КРСУ менен Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын ортосундагы кызматташуу боюнча мурда түзүлгөн меморандумдун алкагында өттү.

Акыкатчы аппаратынын өкүлдөрү: эксперт Чолпон Бакирова жана сот иштери жана соттук териштирүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Темирлан Айтназаров студенттерге сөз сүйлөштү.

Лекциянын жүрүшүндө студенттер Акыкатчы институтунун ишмердүүлүгү, анын адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жаатындагы ыйгарым укуктары, ошондой эле сот органдары менен өз ара аракеттенүүнүн практикалык аспектилери жана сот процесстерине мониторинг жүргүзүү менен таанышты.

Адам укуктарын коргоо механизмдери иш жүзүндө кандай иштээрин жана Кыргызстандын укуктук системасында Акыйкатчы институту кандай роль ойной турганына өзгөчө көңүл бурулду.
Артка кайтуу