КРСУда Ланчжоу университети менен кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча жумушчу жолугушуу болуп өттү

КРСУда Ланчжоу университети менен кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча жумушчу жолугушуу болуп өттү

30 апрель 2026

Бөлүшүү:

Кыргыз-Орус Славян университетинде Ланчжоу университети менен алмашуу жана кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча жумушчу жолугушуу болуп өттү.Жолугушууну Кытай тарап демилгелеп, Эл аралык мамилелер факультетинин жетекчилигинин катышуусунда КРСУнун Эл аралык байланыштар башкармалыгы уюштурган. КСЖнын эл аралык байланыштар белумунун начальнигинин орун басары Сабина Сулейманова жана профессор, Ланчжоу университетинин саясат жана эл аралык мамилелер институтунун деканы Чжу Юнбяо куттуктоо создорун айтышты.Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташуу боюнча Меморандумдун долбоорун жана биргелешкен Жол картасын ишке ашыруунун негизги маселелерин талкуулашты. Жайкы билим берүү лагерин уюштурууга, ошондой эле ШКУга «25 жыл: туруктуу тынчтыкка, өнүгүүгө жана гүлдөп-өнүгүүгө бирге » эл аралык конференциясына катышууга өзгөчө көңүл бурулду.Талкууга Ланчжоу университетинин өкүлдөрү, анын ичинде Саясат жана эл аралык мамилелер институтунун жетекчилиги, ошондой эле Кыргыз-Орус Славян университетинин — өкүлдөрү, Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн, илимий-инновациялык блоктун жана эл аралык мамилелер факультетинин кызматкерлери катышты.Жолугушуу академиялык байланыштарды чыңдоодо жана КРСУ менен алдыңкы чет элдик университеттердин ортосундагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүдө маанилүү кадам болду.
Артка кайтуу