Рудов окуулары КРСУда өттү
Кыргыз-Орус Славян университетинде Михаил Александрович Рудовдун адабиятты жана филологияны өнүктүрүүгө кошкон салымына, ошондой эле орус филологиясынын актуалдуу маселелерин талкуулоого арналган Эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.
Иш-чарага адабий мурастарды жана тил процесстерин изилдөөгө кызыккан алдыңкы окумуштуулар, окутуучулар, аспиранттар жана студенттер катышты. Катышуучулар Михаил Рудовдун фигурасы кыргыз филологиясынын тарыхында маанилүү экенин белгилешти. Анын адабий сын, поэзия жана котормо жаатындагы эмгектери Кыргызстанда филология мектебинин калыптанышына чоң таасирин тийгизген.
Рудов окуулары КРСУнун гуманитардык факультетинин орус филологиясы кафедрасында өттү.
М.А.Рудовдун кесиптештери жана студенттери чыгармачылык жана илимий ишмердүүлүк боюнча доклад жасашты:
проф. Ибраимов О.И., проф. Лазариди М.И., проф.Соронкулов Г.У., филантроп Л.В.Иванова, филология илимдеринин кандидаты. М.С.Савина жана башка изилдөөчүлөр КРСУдан, КУУдан, КТУдан, Ош университетинен, Улан-Удэден жана Москвадан.
Окуулардын жүрүшүндө бардык баяндамачылар М.А.Рудовдун кыргыз поэзиясын орус тилине которуу практикасында, адабий жанрларды жана тамсил жанрын өнүктүрүүдө жана изилдөөдө, Рудовдун поэтикалык чыгармачылыгында жана жогорку окуу жайларында анын уюштуруучулук ишмердигинде эбегейсиз зор сиңирген эмгегин белгилешти.
Конференциянын журушунде Рудовдун чыгармачылык жана илимий мурасы, орус тилин жана маданиятын кецири жайылтуудагы ролу женунде докладдар угулду. Катышуучулар ошондой эле орус филологиясынын заманбап проблемалары, анын ичинде глобалдашуу жана санариптештирүү шартында тилди сактоо маселелери боюнча изилдөөлөрдү сунушташты.
Уюштуруучулар мындай иш-чараларды өткөрүү ар кайсы өлкөлөрдүн окумуштууларынын тажрыйба алмашуусуна, илимий изилдөөлөрдүн деңгээлин жогорулатууга жана филологиялык дисциплиналарды жайылтууга өбөлгө түзөрүн белгилешти. Мындай жолугушуулар университеттин илимий турмушунун маанилүү бөлүгүнө айланып, анын аймактагы алдыңкы билим берүү борборлорунун бири катары позициясын бекемдейт.
Конференция кызуу талкуу менен аяктады, анда катышуучулар филологияны өнүктүрүүнүн келечегин талкуулап, илимий ыкмаларды интеграциялоонун жана маданий мурастарды сактоонун маанилүүлүгүн баса белгилешти.
Эскерте кетсек, илимий жыйнакка жарыялоо үчүн тезистерди кабыл алуу 2025-жылдын 30-июнуна чейин уланат. Материалдарды төмөнкү дарекке жөнөтүңүз: n.l.slobodianiuk@krsu.kg
Кененирээк окуу шилтемеде