Россия президентинин администрациясынын делегациясы КРСУга барды

Россия президентинин администрациясынын делегациясы КРСУга барды

3 апрель 2026

Бөлүшүү:

Россия Федерациясынын Президентинин Администрациясынын Стратегиялык өнөктөштүк жана кызматташтык башкармалыгынын башчысынын орун басары Антон Рыбаков жетектеген делегациясы Кыргыз-Орус Славян университетине барды.Жолугушуунун жүрүшүндө университетти өнүктүрүүнүн негизги багыттары, анын ичинде финансылык туруктуулук маселелери, инфраструктуралык долбоорлор жана стратегиялык демилгелерди ишке ашыруу талкууланды.Сапар Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгына арналган «Мекендин даңкы, Жеңиш» атындагы тарыхый-документалдуу көргөзмө менен таанышуу менен башталды. Көргөзмө Кыргызстан менен Россиянын элдеринин жалпы Жеңишке кошкон салымын чагылдырат.Университеттин ишмердүүлүгүнүн негизги аспектилери жана өнүгүү перспективалары КРСУнун ректору Сергей Волковдун баяндамасында айтылды.Жолугушуунун жыйынтыгында университеттин мындан аркы өз ара аракеттенүүсүнүн жана өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыттары белгиленди.
Артка кайтуу