Кыргыз-Орус Славян университетинде КРСУнун философия жана дин таануу кафедрасы тарабынан уюштурулган ЖОЖдор аралык илимий конференция «Философиянын, саясат таануунун жана дин таануунун актуалдуу проблемалары» болуп өттү.
Конференцияга ар кайсы университеттердин студенттери, магистранттары жана аспиранттары катышып, философиянын, саясат таануунун жана дин таануунун негизги маселелери боюнча докладдарды жасашты. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар заманбап коомдун, маданияттын жана цивилизациянын актуалдуу көйгөйлөрүн талкуулап, илимий ыкмалар жана аналитикалык корутундулар менен бөлүшүштү.
Конференциянын жыйынтыгында эң мыкты баяндамалар Илимий макалалар жыйнагынын “Философиядагы универсалдуу жана улуттук ” (Бишкек, КРСУ) XII санында жарыяланат.
Уюштуруучулар бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирип, жаштар арасында илимий ой жүгүртүүнү өнүктүрүү жана пикир алмашуу үчүн мындай иш-чаралардын маанилүүлүгүн белгилешти.