Кыргыз-Орус Славян университетинде эл аралык, илимий жана инновациялык ишмердүүлүк боюнча проректор Иван Колпаков менен Иран Ислам Республикасынын элчилигинин алдындагы маданий өкүлчүлүктүн директору Абузар Тоганинин жолугушуусу болду.
Жолугушууда маданий-агартуу байланыштарын чыңдоо маселелери талкууланды. Маданият өкүлчүлүгүнүн директору өз ара пайдалуу өнөктөштүктү өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө даяр экенин баса белгиледи.
Иван Колпаков өз кезегинде КРСУ өзүнүн студенттери жана мугалимдери үчүн жаңы горизонтторду ачып, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө умтулуп жатканын баса белгиледи.