РСУда PhD даярдоо боюнча жыйын өттү
Кыргыз-Орус Славян университетинде PhD программалары боюнча жогорку илимий квалификациядагы кадрларды өнүктүрүү жана даярдоону уюштуруу боюнча жумушчу кеңешме болуп өттү.Жыйындын жүрүшүндө PhD программаларын ишке ашыруунун актуалдуу аспектилери, илимий жетекчилик маселелери, диссертациялык изилдөөлөрдү даярдоо, ошондой эле докторанттарды даярдоонун илимий жана билим берүү компоненттеринин сапатына талаптар каралды.Жолугушуунун катышуучулары билим берүү жана илимий-изилдөө механизмдерин өркүндөтүү, илимий инфраструктураны өнүктүрүү жана университеттин PhD программаларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган академиялык кызматташтыкты кеңейтүү перспективаларын талкуулашты.