Бүгүн Бишкекте Санкт-Петербургдун өкмөттүк делегациясынын иш сапарынын алкагында Ленинград блокадасынан аман калгандардын эстелигине салтанаттуу гүл коюу аземи болду. Иш-чарага Кыргыз-Орус Славян университетинин жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин өкүлдөрү катышты.
Салтанаттын катышуучулары тарыхый эстутумду сактоонун жана эки өлкөнүн ортосундагы байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти. КРСУнун өкүлдөрү курчоодо калган Ленинграддын тургундарынын эрдигин эскерүү — муундарды бириктирген эрдиктин сабагы экенин баса белгилешти.
Бишкектеги мемориал Улуу Ата Мекендик согушта блокададан аман калган Ленинграддын тургундарынын жана коргоочуларынын урматына тургузулган. Гүлдөрдү салтанаттуу коюу алардын эрдиги үчүн урмат-сыйдын жана ыраазычылыктын символу болуп калды.