Владимир Путин Орусия менен Кыргызстандын биргелешкен билим берүү долбоорлорунун, анын ичинде КРСУнун кампусун куруунун маанилүүлүгүн белгиледи
Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин VIII Кыргыз-Россия Экономикалык Форумунун жана XII Кыргыз-Россия аймактар аралык конференциясынын катышуучуларына видеокайрылуусунда билим берүү жана илим орус-кыргыз кызматташтыгынын негизги багыттарынын бири бойдон кала берээрин белгиледи.«Россия менен Кыргызстан гуманитардык чөйрөдө, билим берүү жана илимде, маданият жана спортто, коомдук жана жаштар чөйрөлөрү аркылуу тыгыз кызматташат. Кыргызстанда орус тилинде окуткан тогуз мектептин, ошондой эле Бишкектеги Славян университетинин кампусунун курулушун улантып жатабыз. Биз Кыргызстандын мектептерине жана жогорку окуу жайларына окуу куралдарын жана жогорку квалификациялуу мугалимдерди дайыма жөнөтүп турабыз».Бүгүнкү күндө КРСУ Россия менен Кыргызстандын бирдиктүү билим берүү мейкиндигин өнүктүрүүнүн негизги катышуучуларынын бири болуп саналат. Университет педагогикалык кадрларды даярдоо боюнча системалуу иштерди жүргүзүп келет: 2024-жылы бул жерде педагогикалык багыт ачылып, болочок мугалимдерди даярдоо программалары ишке ашырылып, мектептерде практика кеңейип, жаңы окуу жылынан тарта бюджеттик орундардын саны педагогикалык адистиктер боюнча көбөйдү.КРСУнун жаңы кампусун жана биргелешкен орус тилдүү мектептерди куруу билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүүдө жана Кыргызстан үчүн жогорку квалификациялуу адистерди даярдоодо маанилүү этап болот.