Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата куттуктоо жолдоду.«Биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелер стратегиялык өнөктөштүктүн жана союздаштыктын духунда динамикалуу өнүгүп жатат. Москва менен Бишкек ар кандай багыттар боюнча жемиштүү кызматташып, ЖККУ, ЕАЭБ, КМШ, ШКУ жана башка көп тараптуу түзүмдөрдүн алкагында активдүү өз ара аракеттенүүдө. Жана биз, албетте, эң жакын биргелешкен ишибизди улантабыз», — деп белгиледи Владимир Путин.Россиянын президенти Садыр Жапаров менен Бишкекте боло турган жолугушуу өз ара пайдалуу орус-кыргыз кызматташтыгын мындан ары да арттырууга жана Евразия мейкиндигинде туруктуулукту чыңдоого кызмат кыларына ишенимин билдирди.Владимир Путин Садыр Жапаровго ден соолук жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди, ал эми Кыргызстандын элине тынчтык жана бакубатчылык каалады.Россиянын президенти Владимир Путиндин куттуктоосу
https://president.kg/ru/news/21/40683