10-февралдан 1-мартка чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча кызматкерлери өзгөчө кырдаалдар учурунда калкка эскертүү системаларын текшеришет.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, текшерүү учурунда сиреналар жана үн күчөткүчтөр колдонулат.
«Сиренанын үнүн укканда дүрбөлөңгө түшпөй, сабырдуу болуу керек», — деп белгиледи департамент.
КРСУнун кызматкерлеринен жана студенттеринен бул маалыматты эске алып, мүмкүн болгон үн сигналына алдын ала даярданууну суранабыз.