КРСУнун бүтүрүүчүсү жана доценти Нурбек Букуев Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалды

КРСУнун бүтүрүүчүсү жана доценти Нурбек Букуев Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалды

27 август 2026

Бөлүшүү:

КРСУнун бүтүрүүчүсү жана доценти Нурбек Букуев Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалдыНурбек Медетбекович - хирург, онколог-гинеколог, медицина илимдеринин доктору, КРСУнун онкология жана нур терапиясы кафедрасынын доценти. Анын артында 20 жылдан ашык клиникалык, башкаруучулук жана илимий-педагогикалык иштери турат.2024-жылдан бери Нурбек Букуев Улуттук онкология жана гематология борборун жетектеп, анда медициналык, илимий жана билим берүү ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө, заманбап клиникалык протоколдорду киргизүүгө жана мамлекеттик жана эл аралык уюмдар менен кызматташууну кеңейтүүгө катышкан.Ал 20дан ашык илимий эмгектердин автору жана «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоонун отличниги деген наамга ээ.Биздин социалдык тармактарда Нурбек Медетбекович менен болгон маеги (https://t.me/krsu_official/11230),) жарыяланып, анда ал өзүнүн кесиптик жолу, КРСУда иштөө жана окуу тажрыйбасы, ошондой эле анын дарыгер жана адис катары калыптанышында университеттин ролу тууралуу айтып берди.Нурбек Медетбековичти кызматка дайындалышы менен куттуктайбыз! Сиздерге жооптуу мамлекеттик кызматта ийгиликтерди, Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо системасынын жыргалчылыгы үчүн олуттуу демилгелерди жана жаңы жетишкендиктерди ишке ашырууну каалайбыз.Биздин бүтүрүүчүлөр жана мугалимдер өздөрүнүн билимин жана кесиптик тажрыйбасын жоопкерчиликтүү кызматтарга жана өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууга кандайча пайдаланып жатканын көрүү КРСУ үчүн өзгөчө баалуу.
Артка кайтуу