Кыргыз-Орус Славян университетинде Антон Павлович Чеховдун туулган күнүнүн 165 жылдыгына арналган көркөм окуу болуп өттү. Бул күнү КРСУнун студенттери жана чыгармачыл студияларынын мугалимдери улуу классиктин чыгармаларынан үзүндүлөрдү тартуулап, анын каармандарын жандандырып, автордун сөзүнүн кылдаттыгын жеткирип беришти.
Иш-чаранын өзгөчө коноктору КРСУнун орто мектебинин 9-классынын окуучулары болушту. Алар үчүн бул Чеховдун жандуу аткаруудагы чыгармачылыгы менен таанышууга жана анын чыгармаларынын атмосферасын сезүүгө мүмкүнчүлүк болду.
Жашоо, адам жана анын тагдыры женунде терен ой жугуртууге толгон Чеховдун аңгемелери жана пьесалары угуучулардын жүрөгүндө резонанс жаратууда. Окуу улуу жазуучуга болгон урмат-сый гана эмес, орус адабиятын суйуучулерду бириктирген чыныгы чыгармачылык окуя болуп калды.
📍 Иш-чара адабий мурастарды жайылтуу жана студенттердин чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү боюнча университеттин демилгелеринин алкагында өттү.