Студенттердин жана жаш окумуштуулардын юбилейлик форуму

Студенттердин жана жаш окумуштуулардын юбилейлик форуму

23 май 2024

Бөлүшүү:

Кыргыз-Орус Славян университетинде медицина факультетинин 30 жылдыгына арналган студенттердин жана жаш окумуштуулардын юбилейлик форуму өттү.

Форумдун негизги иш-чараларынын бири XXIII Эл аралык илимий сынак-конференция болду «Жаштардын илимий чыгармачылыгы – медициналык жана биологиялык кадрларды даярдоонун эффективдүү жолу». Конференцияда медицина жана биология тармагындагы актуалдуу көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган жаш окумуштуулардын инновациялык изилдөөлөрү жана долбоорлору көрсөтүлдү.

Кошумчалай кетсек, форумдун алкагында морфология, практикалык көндүмдөр жана терапия боюнча III Эл аралык студенттик олимпиада өттү. Олимпиаданын катышуучулары теориялык жана практикалык тапшырмалар боюнча күч сынашып, ар кандай медициналык дисциплиналар боюнча билимдерин жана көндүмдөрүн көрсөтүштү.

Ошондой эле студенттердин чыгармачылык эмгектеринин көргөзмөсү болуп, анда жаш таланттар илим, искусство жана медицина тармагындагы жетишкендиктерин тартуулашты. Көргөзмө студенттерге ар түрдүү тармактарда өз жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтүүгө жана кесиптештери менен тажрыйба алмашууга мүмкүндүк берди.

Артка кайтуу