Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим жана инновация министринин орун басары Дурус Козуев Кыргыз-Орус Славян университетинин бүтүрүүчүлөрүн жашоосунун эң маанилүү этаптарынын биринин аякташы менен куттуктады.

Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим жана инновация министринин орун басары Дурус Козуев Кыргыз-Орус Славян университетинин бүтүрүүчүлөрүн жашоосунун эң маанилүү этаптарынын биринин аякташы менен куттуктады.КРСУнун салтанаттуу бүтүрүү кечесинде сөз сүйлөп, ал өлкөнүн жогорку билим берүү системасындагы университеттин өзгөчө ролун белгилеп, адистерди даярдоонун жогорку деңгээлин, илимди өнүктүрүүгө жана орус-кыргыз гуманитардык кызматташтыгын чыңдоого кошкон салымын баса белгиледи. Дурус Козуев өз кайрылуусунда бүтүрүүчүлөргө жаңы кесиптик жетишкендиктерге ишенимдүү кадам таштоону, жигердүү, жоопкерчиликтүү жана Кыргызстандын атынан татыктуу чыгууну каалады, ошондой эле адистердин жаңы муунун тарбиялоого кошкон салымы үчүн профессордук-окутуучулар курамына жана ата-энелерге ыраазычылык билдирди.
Артка кайтуу