Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши КРСУнун иштөө шарттары боюнча эки тараптуу келишимди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорун жактырды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши КРСУнун иштөө шарттары боюнча эки тараптуу келишимди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорун жактырды

31 январь 2024

Категория: Кызматташуу

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңеш үч окууда Кыргыз-Орус Славян университетинин иштөө шарттары боюнча эки тараптуу келишимди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорун жактырды.

Жаңы документтин текстинде университетти башкаруу системасы кандайча түзүлүп, анын курамына башкаруучу кеңеш жана ректор киргени кеңири баяндалган.

Келишимде университеттин ректору жалгыз аткаруучу башкаруу органы болуп саналаары, беш жылга чейинки мөөнөткө дайындалаары жана эки мөөнөттөн ашык иштей албасы белгиленген.

Башкаруучу кеңеш Россия Федерациясынын жана Кыргыз Республикасынын министрликтеринин өкүлдөрүнөн ар бир тараптан алты адамдан түзүлөт. Тактап айтканда, бюджетти бекитип, ректордун отчетун бекитет.

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин – деңгээлинде биздин өлкөлөрдүн өкмөттөр аралык макулдашуусун ратификациялоо КРСУда көптөн күткөн өзгөрүүлөрдүн жолундагы дагы бир этап болуп саналат. Депутаттык корпуска сын-пикирлери жана суроолору үчүн ыраазычылык билдирем, алардын бардыгы университеттин узак мөөнөттүү өнүгүү стратегиясында да, учурдагы ишмердүүлүгүндө да эске алынат. Жакынкы арада келишимди Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттары карайт. Университет тездетилген модернизацияны күтүп жатат жана биз көрүп тургандай, алгачкы кадамдар жасалып жатат», - деп белгиледи КРСУнун ректорунун милдетин аткаруучу Денис Фомин-Нилов.

Келишимге былтыр октябрда кол коюлган. Документке орус өкмөтүнөн илим жана жогорку билим министри Валерий Фальков, Кыргызстандан — билим берүү жана илим министри Догдуркул Кендирбаева кол коюшту.

Кыргыз-Орус Славян университети 1993-жылы негизделген. Бул убакыттын ичинде 30 мицден ашык адам жогорку окуу жайын бутуруп чыгышты.

Артка кайтуу