2020-жылдын 11-мартында КРСУда жыл сайын өтүүчү студенттик чыгармачылык фестивалы «Star Hour» башталат, ал быйыл 25 жашка толду.
«Star Hour – 2020» сынак менен «Хореография» категориясында ачылат, ал эми 13-мартта вокалисттер жана аткаруучу музыканттар өнөрлөрүн тартуулашат. 1-апрелде театр искусствосунун кароосу болот.
Фестивалдын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар салттуу түрдө ушул жылдын апрель айында гала-концертте тапшырылат.