Бишкек шаарынын студенттери Россиядан келген тажрыйбалуу радиожурналисттерден эмнени үйрөнүштү

Бишкек шаарынын студенттери Россиядан келген тажрыйбалуу радиожурналисттерден эмнени үйрөнүштү

17 ноябрь 2022

Бөлүшүү:

Орусиядан келген тажрыйбалуу адистер Бишкектин алдыңкы ЖОЖдорунун студенттерине радио алып баруучулардын ишинин асты тууралуу айтып беришти. Мастер-класстын катышуучулары кандай жаңы нерселерди үйрөнүштү, бул видеону көрүңүз.

Sputnik радиосунун орус тилдүү уктуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары Наталья Нерсесян менен түз эфирдин алып баруучусу, Sputnik радиосунун баяндамачысы Евгений Майструк SputnikPro долбоорунун алкагында мастер-класс өткөрүштү. Иш-чара Sputnik Кыргызстандын мультимедиялык басма сөз борборунда өттү.

Студенттерге түз эфирде иштөөнүн сырлары ачылды. Нерсесян эмне үчүн адамдар маалыматтык радиону угуп жатканын айтып, социалдык тармактардын доорунда радио алып баруучунун жаңы ролу тууралуу айтып берди. Майструк болочок журналисттерге ар кандай теманы угармандар үчүн кантип кызыктуу кылууну түшүндүрдүЁ ал эми радиодо күчүн сынап көргүсү келгендер үчүн кеңештери менен бөлүштү.

Мастер-класстын катышуучусу, КРСУнун студенти Адела Именова бул иш-чара ага радиожурналистиканын өзгөчөлүгүнө сүңгүп, радио алып баруучу кандай сапаттарга ээ болушу керектигин билүүгө мүмкүндүк бергенин белгиледи.

Толук оку

Артка кайтуу