1945-жылдын 2-сентябрында милитаристтик Япониянын шартсыз багынып берүү актысына кол коюлган: бул документ Экинчи дүйнөлүк согушту токтоткон. Биз Sputnik Кыргызстан радиосунда бул процессте Советтер Союзунун ролу тууралуу сүйлөштүк.
Маектин толук версиясын аудио жазуудан угуңуз.
Экинчи дүйнөлүк согуш алты жылга созулган: 1939-жылдын 1-сентябрынан 1945-жылдын 3-сентябрына чейин. Ага 61 мамлекет катышкан, бирок ал кезде жалпысынан 72 мамлекет болгон. Чынында, дээрлик бүт дүйнө согушкан...
КРСУнун Тарыхый жана маданий мурастар борборунун директору Леонид Сумароков 1945-жылдын августунда Америка таштаган эки атомдук бомбага карабастан, Япониянын багынып беришинде Советтер Союзу дагы эле чечүүчү роль ойногон деп эсептейт.
Кененирээк окуу