Кыргыз-Орус Славян университетинде жогорку сапаттагы педагогикалык кадрлар бар, деп билдирди РФнын Мамлекеттик Думасынын депутаты Алена Аршинова "Россия 24" телеканалында.
Ал белгилегендей, университеттин материалдык базасы жакшы жана кадрларды даярдоо үчүн базалык аянтча боло алат.
"Биздин азыр милдетибиз – статистиканы чогултуп, ким кайда иштейт, ким кайда барат, кандай кызматтарга, кандай кесиптерге умтуларын көрүү. Ошентип, КРСУ, Россия-Кыргыз университети мындай кадрларды даярдоо үчүн базалык аянтча болуп калат. Бул жерде керектүү нерселердин баары бар, педагогикалык кадрлардын сапаты абдан жогору", - деп белгиледи ал.
Толук оку