Кыргыз-Орус Славян университети (КРСУ) жаңы биринчи проректорду дайындаганын жарыялады. Окумуштуулар кеңешинин жыйынында белгилүү коомдук ишмер жана дипломат Гүлнара-Клара Саматтын талапкерлиги бир добуштан жактырылды.
Кыргызстандын билим берүү жана илим министринин орун басары Абазбек уулу Расул жаңы проректорду тааныштырып, анын кесиптик жана турмуштук бай тажрыйбасын белгиледи. Ал Гүлнара-Клара Саматтын билими жана компетенттүүлүгү КРСУнун мындан аркы өнүгүшүнө жана гүлдөшүнө салым кошот деген ишенимин билдирди.
Толук оку