Стенддер КРСУда орус тили институтунун директорунун орун басары Ольга Сумарокованын автордук долбоорунун негизинде жасалган.
БИШКЕК, 30-август – Sputnik. Кыргыз-Орус Славян университети Кыргызстандын беш облусунда жети мектептин окуу-материалдык базасын чыңдап жатканын университеттин басма сөз кызматы билдирди.
Окуу жылы башталар алдында КРСУ мектептерге орус тили жана адабияты кабинеттери үчүн стенддерди тапшырды. Орус тилин жайылтуу боюнча ишинин алкагында университет өткөргөн сынактарда жана олимпиадаларда окуу жайлардын активдүүлүгү ушундайча кубатталды.
Стенддер университетте орус тили институтунун директорунун орун басары, тарых илимдеринин доктору Ольга Сумарокованын оригиналдуу долбоорунун негизинде жасалган. Өткөн жылы КРСУ Чүй, Ысык-Көл жана Ош облустарындагы үч мектепте окуу кабинеттерин жабдууга да жардам берген.
Толук оку