Билим АКИПресс - Кыргыз-Орус Славян университетинин студенттери 20-21-ноябрь күндөрү Бишкек шаарында өткөн IT Fest 2024 Cyber Kyrgyzstan фестивалында жогорку деңгээлдеги даярдыктарын көрсөтүштү.
Университеттин басма сөз кызматы билдиргендей, фестиваль 2,5 миңден ашык катышуучуну бириктирип, Кыргызстандын IT тармагындагы маанилүү окуя болуп калды.
КРСУ командалары 8 багыт боюнча турнирлерге катышып, бир эле учурда бир нече номинация боюнча байгелүү орундарга ээ болушту. «Cybersport» дисциплинасында 2-орунду табият таануу факультетинин 1-курсунун студенти Максим Калинин (EPI тобу 1-24) ээледи.
Кененирээк окуу