КРСУнун базасында балдардын медициналык борбору түзүлөт

КРСУнун базасында балдардын медициналык борбору түзүлөт

6 март 2024

Категория: Кызматташуу

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев россиялык делегация менен Кыргыз-Орус Славян университетинин базасында балдардын медициналык борборун түзүү долбоорун талкуулады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борбору билдирди.

Ведомстводон билдиришкендей, борборду түзүү идеясы Кыргыз Республикасынын биринчи айымы Айгүл Жапаровага таандык. Бул тууралуу 2023-жылдын декабрында Россия Федерациясынын жана Кыргыз Республикасынын президенттеринин администрация өкүлдөрүнүн жолугушуусунун алкагында айтылган.

Толук оку

Артка кайтуу