Кыргыз-Орус университетинин базасында балдардын медициналык борбору ачылат

Кыргыз-Орус университетинин базасында балдардын медициналык борбору ачылат

13 март 2024

Бөлүшүү:

Бишкекте КРСУнун (Кыргыз-Орус Славян университети) базасында балдар медициналык борборун ачууга даярданып жатышат. Аны түзүү маселесин Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, университеттин ректору Денис Фомин-Нилов жана Кыргыз Республикасына иш сапары менен келген Россия Федерациясынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү талкуулашты.

Тараптардын кароосунда турган долбоор беш бөлүмдөн турган борборду, анын ичинде тез жардам, диагностикалык жана лабораториялык бөлүмдөрдү, күндүзгү стационарды жана физиотерапия бөлүмүн курууну камтыйт.

Толук оку

Артка кайтуу