«Ден соолук» (АКИПресс) – Ысык-Көл облусунда сентябрда урологиялык ден соолук жумалыгы өтөт. Бул тууралуу КРСУ билдирди.
Кафедранын кызматкерлери, аспиранттары жана резиденттери, университеттин урологдору медициналык кароодон өткөрүп, консультациялык жардам көрсөтүшөт.
Урологиялык ден соолук жумалыгынын максаттары – сергек жашоо образын жайылтуу, жыныстык жол менен жугуучу оорулардын алдын алуу, урологиялык патологияларды аныктоо. Иш-чара 19-сентябрдан 24-сентябрга чейин өтөт.
Булак