Жакында КРСУнун гуманитардык факультетинин дубалында советтик түрколог, кыргыз окумуштуусу, профессор Константин Юдахиндин мурал — портрети пайда болду. Окумуштуунун небереси Татьяна Юдахина жана КРСУ ректорунун тарыхый-маданий мурастар боюнча кеңешчиси Леонид Сумароков менен "улуу орус кыргызынын" жашоосу жана анын кыргыз тилинин өнүгүшүнө кошкон баа жеткис салымы тууралуу маектештик.