Белгилүү окумуштуу кыргыз тилин өнүктүрүүгө жана изилдөөгө эбегейсиз салым кошуп, эпостун варианттарын да бириктирген «Манас» толук трилогияны басып чыгаруу үчүн.
Юнусалиевдин кыргыз тилин жана адабиятын өнүктүрүүгө кошкон салымы тууралуу КРСУнун кыргыз тили кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин доктору, филология илимдеринин кандидаты Кутманбек Биялиев айтып берди.
«Ал кыргыз тил илиминин калыптанышы үчүн көп иштерди жасаган көрүнүктүү тилчи болгон. Негизги эмгектери кыргыз тилинин лексикологиясына тиешелүү. Юнусалиев диалектология тармагында да мыкты адис болгон. Ал диалектилерди аралаштыруунун негизинде кыргыз адабий тилинин калыптанышы боюнча прогрессивдүү ойлорун айткан. Мындан тышкары, көрүнүктүү фольклорист, "Манас" эпосунун трилогиясы боюнча материал чогултуп, жомокчулар Сагымбай Орозбаков менен Саякбай Каралаевдин варианттарын бириктирген. 1958-жылы эпос басылып чыгып, Юнусалиев ага кириш сөз жазган»– Биялиев эске салды.
Толук оку