«Росатом» келечектеги адистерди даярдоо жана жаңы билим берүү багыттарын өнүктүрүү маселелеринде Кыргыз-Орус (Славян) университетине (КРСУ, Бишкек шаары) ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирет. Бул тууралуу «Росатом Кыргызстан» компаниясынын жетекчиси Дмитрий Константинов бейшемби күнү университетте уюштурулган билим берүү семинарынын ачылыш аземинде билдирди.
Бейшембиде КРСУнун дубалдарынын ичинде «Ядролук медицина: тенденция жана артыкчылыктар, Кыргыз Республикасындагы статус жана өнүгүү пландары» аттуу семинар болуп өттү. Кененирээк окуу