Россия Федерациясынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Сергей Вакунов Кыргызстанда ишин баштаганына төрт ай болду. Бул убакыттын ичинде ал республиканын бардык бийлик бутактарынын жетекчилери менен жолугуп, ар кандай багыттагы көптөгөн мамлекеттер аралык иш-чараларга катышкан. Ушул аптада дипломат бир катар алдыңкы маалымат каражаттарынын журналисттери менен жолугушту.
Сүйлөшүү учурунда Сергей Иванович акыркы жыйырма жылдан бери Россиянын Президентинин Администрациясында иштеп, чет мамлекеттер менен аймактар аралык жана маданий байланыштар маселелери менен алектенип, биздин республика менен эң тыгыз байланышта болгонун айтты. Ал өлкөгө бир нече жолу келип, ири эл аралык иш-чаралардын уюштуруучуларынын бири болгон — абдан актуалдуу конференция «Православие жана Ислам — тынчтык диндери, жаштар форуму, Россия менен Кыргызстандын университеттеринин ректорлорунун үч форуму. Ал аймактардын өз ара аракеттенүүсү боюнча орус-кыргыз конференцияларынын долбоорлорун иштеп чыгып, алардын натыйжалуулугун далилдеген.
Толук оку