Sputnikтин Борбор Азиядагы эң ири жогорку технологиялык кеңселеринин бирине Кыргызстандын борбор калаасынын жогорку окуу жайларынын студенттери келишти.
БИШКЕК, 18-апрель — Sputnik. Эл аралык маалымат агенттигинин жана Sputnik Кыргызстан радиосунун кеңсесинде Кыргызстандын Улуттук, Кыргыз-Орус Славян жана Эл аралык университеттеринин журналистика жана эл аралык мамилелер факультеттеринин экинчи жана үчүнчү курстарынын студенттери үчүн экскурсия болуп өттү.
Студенттер редакция менен, агенттиктин техникалык мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып, ошондой эле маалымат агенттигинде практикалык журналистика, коомчулук менен байланыш, агенттиктин интеграциялык долбоорлору жана SMM өзгөчөлүктөрү боюнча мастер-класстарды жана баарлашууларды өткөрүштү.
Толук оку