БИШКЕК, 25-август – Sputnik. Ысык-Көл облусунун тургундары акысыз урологиялык текшерүүдөн өтө алышат, деп билдирди Кыргыз-Орус Славян университетинин басма сөз кызматы.
Урологиялык ден соолук жумалыгы 19-сентябрдан 24-сентябрга чейин өтөт. Караколдогу Ысык-Көл мамлекеттик университетинин имаратында КРСУнун урология кафедрасынын дарыгерлери, аспиранттары жана ординаторлору бейтаптарды кабыл алышат. Каалоочулар ички органдардын УЗИден, кан жана заара анализинен, кан басымынан жана дене салмагынын индексинен өтүшөт.
Булак