Гүлсара Мидиновна Алиева — 66 жашында каза болгон милициянын отставкадагы полковниги, профессор, философия илимдеринин доктору, илимий ишмер.
Гүлсара Алиева өмүрүн мекенине кызмат кылууга, илимди өнүктүрүүгө, жаңы муундарды тарбиялоого арнаган. Иштеген жылдарында Ички иштер министрлигинин Академиясында, Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратында, ошондой эле Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинде жетекчилик кызматтарда иштеп, КРСУда сабак берген. Кененирээк окуу