Кыргызстандын 32 университетинде бизнес-инкубаторлор ачылды

Кыргызстандын 32 университетинде бизнес-инкубаторлор ачылды

2 сентябрь 2022

Бөлүшүү:

30 жогорку окуу жайларында креативдүү экономиканы өнүктүрүүгө, ишкердикти колдоого жана жаштар арасында стартаптарды түзүүгө багытталган бизнес-инкубаторлор ачылды.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров видеоконференция аркылуу билим берүү мекемелериндеги бул бизнес-инкубаторлордун ачылыш аземине катышты.

«Кыргыз Республикасы – чыгармачыл экономиканы өнүктүрүү үчүн келечектүү өлкө. Бүгүн биз жаштар арасында ишкердикти колдоого багытталган долбоорду баштайбыз. Өнүккөн өлкөлөрдүн өнүгүү тарыхы көрсөткөндөй, биздин негизги ресурсубуз – кызыктуу идеялары бар демилгелүү, таланттуу жаштар. Эми студенттер ар түрдүү тармактарда стартаптарды түзүп, алдыңкы идеяларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк алышат. Биздин өлкөдө стартап рыногу жаңыдан өнүгүп жатат. Силикон өрөөнүнүн теориясына ылайык, стартаптардын 10% гана ийгиликке жетет. Ошондуктан, улуттук экономиканын өнүгүшүнө реалдуу таасирин тийгизүү үчүн биздин өлкөдө жыл сайын он миңдеген стартаптар өнүгүп, рынокто бизнес-идеялардын ачык атаандаштыгы болушу керек»Ё – ал айтты.

Толук оку

Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, 32 университетте, анын ичинде Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинде бизнес-инкубаторлор ачылган.

Артка кайтуу