Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинде эки өлкөнүн 65 университетин, ошондой эле бизнес-коомчулуктун, министрликтердин, өнүктүрүү фонддорунун жана академиялык коомчулуктун өкүлдөрүн бириктирген II орус-кыргыз билим форуму башталды. Иш-чара 2019-жылы башталган билим берүү тармагындагы стратегиялык диалогдун уландысы болду.
Диалог жана идеялар борбору: университеттерден — реалдуу секторго
Форум экономикалык, илимий жана технологиялык — глобалдык атаандаштыктын күчөшүнүн фонунда өтүп жатат. Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов белгилегендей, мындай шартта университеттер туруктуу экономиканы калыптандырууда негизги оюнчуларга айланууда.
«2019-жылы Россия менен Кыргызстандын ректорлорунун биринчи форуму академиялык алмашууга негиз болду. Бүгүнкү күндө биз өз ара аракеттенүүнү күчөтүп жатабыз: университеттердин алдында кадрларды даярдоо гана эмес, улуттук өнүгүүнүн кыймылдаткычтары болуу милдети турат», —, деп баса белгиледи Вакунов. Кененирээк окуу