Бишкекте лингвист жана түрколог Константин Юдахинге арналган мурал пайда болду

Бишкекте лингвист жана түрколог Константин Юдахинге арналган мурал пайда болду

21 сентябрь 2023

Категория: Маданият

Бөлүшүү:

«Culture» (АКИПРЕСС) – 16-сентябрда КРСУнун гуманитардык факультетинин дубалына лингвист, түрколог, профессор жана академик Константин Юдахинге арналган дубал сүрөтү тартылган. Бул тууралуу университеттин басма сөз кызматы билдирди.

Юдахин – кыргызча-орусча жана орусча-кыргызча фундаменталдык сөздүктөрдүн автору. Окумуштуу түркологиянын, кыргыз тил илиминин, адабият таануусунун жана тарыхынын актуалдуу проблемаларын иштеп чыгууга да салым кошкон.

Муралдын ачылышы 8-16-сентябрда өткөн «Кыргызстан – Россия: жалпы маданий мурас» фестивалынын алкагында өттү.

Толук оку

Тема боюнча көбүрөөк:

Sputnik Кыргызстан

Артка кайтуу