Бишкекте Орусиянын жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнүн форуму өттү

Бишкекте Орусиянын жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнүн форуму өттү

13 ноябрь 2023

Бөлүшүү:

Билим АКИПресс – КРСУда россиялык жана советтик университеттердин бүтүрүүчүлөрүнүн форуму өттү «Орус билими – ийгиликтин ачкычы». Бул тууралуу университет билдирди.

Иш-чарага Кыргызстандын ишканаларында жана мамлекеттик мекемелеринде иштеген ар кыл муундагы россиялык жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү катышты.

Форумдун катышуучуларына Россиянын илим жана жогорку билим министри Валерий Фальков менен Кыргызстандын билим берүү жана илим министри Догдургул Кендирбаеванын куттуктоо сөздөрү айтылды.

«Россиянын жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү улуттук экономиканы өнүктүрүүдө гана эмес, эки өлкөнүн мамлекеттик, өкмөттүк эмес жана бизнес уюмдарынын ортосундагы мамилелерди чыңдоодо да маанилүү роль ойношот. Ар бириңиздер Россия менен Кыргызстандын ортосундагы өнөктөштүктү өнүктүрүүгө, орус тилин жайылтууга жана элдердин достугун чыңдоого баа жеткис салым кошуп жатасыздар. Биздин биргелешкен ишибиз жаңы билим берүү жана илимий долбоорлорду ишке киргизүүгө өбөлгө болот деп ишенем, анткени бизде тажрыйба жана билим алмашууга болгон негизги – каалоо бар», – деди Валерий Фальков.

Пленардык жыйындын жүрүшүндө россиялык жана советтик ЖОЖдордун кыргыз бүтүрүүчүлөрүнүн консолидациясын жогорулатуу маселелери талкууланды.

Булак

Артка кайтуу