"Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин фоторедактору Екатерина Волкова КРСУнун студенттери, мамлекеттик органдардын басма сөз катчылары жана штаттан тышкаркы фотографтар үчүн мастер-класс өткөрдү.
SputnikPro билим берүү долбоорунун алкагындагы иш-чара Sputnik Кыргызстандын басма сөз борборунда өттү.
Волкова фотокабарлар кандай экенин жана аларды кантип туура түзүү керектигин, кандай ыкмалар жогорку сапаттагы фоторепортажды тартууга мүмкүндүк берерин жана кандай каталар аны бузушу мүмкүн экенин айтып берди. Кененирээк окуу