Каракол шаарында урологиялык ден соолук жумалыгы өтөт: акысыз текшерүүдөн өтсө болот

Каракол шаарында урологиялык ден соолук жумалыгы өтөт: акысыз текшерүүдөн өтсө болот

27 август 2023

Бөлүшүү:

Ысык-Көл облусунда 19-сентябрдан 24-сентябрга чейин Урологиялык ден соолук жумалыгы өтүп, анда Кыргыз-Орус Славян университетинин урология кафедрасынын кызматкерлери, аспиранттары жана резиденттери бардыгын бекер кабыл алышат.

Каракол шаарындагы Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде дарыгерлер медициналык изилдөөлөрдү жүргүзүшөт: ички органдардын УЗИ, кан басымын жана дене салмагынын индексин өлчөө, кан анализи жана муктаж болгондорго консультациялык жардам көрсөтүү.

Максаттар – сергек жашоо образын жайылтуу, жыныстык жол менен жугуучу оорулардын алдын алуу, урологиялык патологияларды аныктоо, Ысык-Көл облусунун калкына медициналык-профилактикалык жардам көрсөтүү, Бишкек шаарындагы клиникаларда мындан аркы консервативдик же хирургиялык дарылоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.

Булак

Артка кайтуу