Россия Федерациясынын делегациясы Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында Чүй облусунун Кашка-Суу айылындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин жаңы кампусун куруу пландалып жаткан жер менен таанышты. Бул тууралуу университеттин басма сөз кызматы билдирди.
Келечектеги кампустун аянты 30 гектардан ашык болот. Долбоорлоо жогорку билим берүү тармагындагы дүйнөлүк стандарттарды эске алуу менен ишке ашырылат. Курулушту бүтүрүү 2030-жылга Орусиянын президенти Владимир Путиндин жарлыгына ылайык пландалууда. Каржылоо эки өлкөнүн - Кыргызстандын жана Орусиянын бюджетинде каралат.
Кененирээк окуу